Чүй облусунда электр энергиясын суткалык керектөө нормадан ашып кеткен. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Түндүк электр” ААКы боюнча 5-февралга карата электр жарыгынын суткалык керектөөсү 33,9 миллион кВт саатты түзгөн. План боюнча 26 миллион кВт саат каралган эле.
Бишкек шаары боюнча планга ылайык 11,7 миллион кВт саат каралса, бүгүнкү күнгө карата 17 миллион кВт саат колдонулган.
Чүй облусунда жарыкты колдонуудагы планда 12 миллион кВт саат каралып, керектөө 13,9 миллион кВт саатты түзгөн.
Буга байланыштуу Чүйдүн жана Бишкектин айрым райондорунда жарык боюнча чектөө киргизилет.