Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунда жүк ташуучу унаа 42 баш койду тебелеп кетти. Маалыматты Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Ага ылайык, 26-октябрда жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолдон өтүп жаткан койлорду сүзүп токтогон. Учурда аталган факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.