Жогорку Кеңеште депутаттар “Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайызга жеткире албаган өкмөттү отставкага кетирүү сунушун айтышууда. Кенжебек Бокоев “Өкмөт башчы башында эле “мен үлүштү 50 пайыздан ашыра албайм” деп айткан. Бул кишини бекер эле кыйнап жатабыз. Отставкага кетирели да, үлүштү 50 пайыздан ашыра ала турган өкмөттү түзөлү” деди. Мындай сунушту “Республика” фракциясы расмий түрдө билдирди. Айрым депутаттар өкмөт башчынын отставкасынан мурда “Кумтөр” маселесин чечип алууну айтышууда.