Ош шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сот өкүмү 28-сентябрда чыгарылды. Ага ылайык, айыпталуучуга мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды. Учурда соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.
Эскерте кетсек, 24-майда экинчи борбор шаарда акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза болгон. Милиция шектүү кармалганын, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгонунун билдирген.