Исмаил Исаков: “Кумтөр” боюнча “Ата Мекен” фракциясынын чечими туура”

“Кумтөр” боюнча “Ата Мекен” фракциясынын чечими туура. “Кумтөрдү” улутташтыруу тапшырмасын берип, өкмөттү сүйлөшүүгө жөнөтүш керек”,- деди депутат Исмаил Исаков ЖКнын 5-февралдагы жыйынында. Айтымында, фракциялардын чечими ар кандай болууда. Фракциялар ортосунда макулдашуу комиссиясы бир чечимге келе албайт.

“Фракциялар азыр чаян, ак куу жана балык болуп алды. Өкмөт болсо “Центерранын” алдындагы араба. Фракциялар 3 башка чечим менен эч качан бирикпейт. Маселени чечүүнүн бир гана жолу калды. Арабаны талкалаш керек. Фракциялардын чечимин өз-өзүнчө добушка коёлу. Кайсынысы өтөт, көрөбүз”,- деп сунуш айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан