Жогорку Кеңеште бүгүн, 5-февралда "Кумтөр" маселеси каралып жатат. Депутаттардын чечими менен өкмөт сунуштаган жаңы келишим боюнча бир пикирге келүү үчүн саат 15:00гө чейин макулдашуу комиссиясы сүйлөшүү жүргүзмөй болду. Ага фракция лидерлери жана өкмөт башчы кирет.
Айта кетсек, "Кумтөр" боюнча парламенттеги фракциялар ар кандай чечимге келишкен. Жыйынга бир же эки чечим алып чыгууга аракет көрүлмөкчү.