Биз социалдык тармакта

Кыргызстан чыгарган акчаны кантип билсе болот?

Улуттук банк мамлекет өзү чыгарган 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттордун жети негизги коргоо белгилери бар экенин билдирди.

Алар:

  1. Суу белгиси: көп тоналдуу портрет жана номинал түрүндө электротип.
  2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо үзгүлтүксүз болуп көрүнөт, анда номиналдын саны жана Улуттук банктын ромб түрүндө логотиби камтылган.
  3. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
  4. Сүрөттөрдүн рельефтүүлүгү: портрет, жазуулар, банкноттун сан жана тамга номиналы.
  5. Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси - С көп түстө көрүнөт.
  6. Жалтырак түс (арткы бетинде): банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө.
  7. Микротекст, микросүрөттөлүштө флора жана фауна сүрөттөрү жазуу түрүндө берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан