Кечээ, 27-октябрда Бишкектеги Ахунбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде автобустун катышуусундагы жол кырсыгынын видеосу интернетке тарады.
Тасмадан жеңил унаа менен сүзүшкөн автобус тротуарга чыгып, жол жээгинде турган төрт жаранды сүзүп кете жаздаганын көрүүгө болот. Эркек киши балдарын өз учурунда көтөрүп, автобустан качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок кырсыктаган автобус да алар качкан багытка барып токтоду.
Милиция аталган жагдай боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.