Сауд Арабиясында өтүшү керек болгон жабык имараттагы VI Азия оюндары 2027-жылга жылдырылды. Бул тууралуу кечээ, 27-октябрда чет элдик маалымат каражаттры билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештер Эр-Рияд шаарында 28-марттан 8-апрелге чейин өтөт. Ага 45 өлкөдөн 4500дөн ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, мелдештер быйыл өтүшү керек болчу. Мелдештердин убактысы уюштуруу жана логистика маселелерин кайра карап чыккандан кийин жылдырылды.