
Бүгүн, 28-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын 2 балбан кызы килемге чыгат.
Дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдагандай, 68 килограммга чейинки салмакта күч сынаша турган Мээрим Жуманазарова мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштаса, 72 килограммга чейинки салмакта күрөшө турган Нурзат Нуртаева чейрек финалдан баштамакчы.