Саруу айылынын тургундары тарабынан буулган Каракол - Балыкчы унаа жолу жабык бойдон турат. Айылдын эки башына экиден төрт боз үй тигилди. Бул тууралуу Саруу айылындагы жаш активисттердин бири Абай Узаков бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
“Биз койгон талаптар аткарылбаса, жол ачылбайт. Биринчиси - “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга чейин көтөрүү, экинчиси - кармалган балдарды бошотуу. Учурда сүт алган унааны жана “Тез жардамды” гана өткөрүп жатабыз. Ал эми айыл ичине маршрутка жүргүзүп койгонбуз. Ал элдерди бекер ташып жатат”, - деди Абай Узаков.
Эске сала кетсек, 2-февралда саат 15:30дар чамасында милиция кызматкерлери Саруудан 17 баланы кармап кетишкен. Алардын 16сы бошотулуп, Сарыбаев Айбек бошотулган эмес. Мындан улам айыл тургундары Айбек Сарыбаевди бошотуу талабын коюп Каракол – Балыкчы унаа жолун бууп коюшкан. Унаа жолу ошондон бери жабык. Ал эми милиция кызматкерлери "октябрь айында баш аламандыкты уюштурду" деп шектелип кармалган Айбек Сарыбаев бошотулбайт деп айтышууда.