Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районундагы айрым жашоочулар жөлөк пулду ала албай жатканын билдирди.
Эл өкүлү тоолуу аймакта жашагандык жана үчүнчү баладан кийин, бала үч жашка чыкканга чейин мамлекет тарабынан бериле турган жөлөк пул жөнүндө мындай деди.
"Бүгүнкү күндө Лейлек районунун Тогуз-Булак жана Боз-Өгүз айылынын Ак-Там тилкесинде жашаган 165 үй-бүлө аталган жөлөк пулду ала албай келет. Мунун себептеринин бири - мурдагы ченемдик укуктук актылардагы калктуу конуштардын аталыштары жана админстративдик аймактык таандыктыгы азыркы абалга дал келбестиги",- деди депутат.
Ошондой эле ал "Санарип аймак" жана "Түндүк" маалыматтык системдериндеги маалыматтарды расмий документтерге шайкеш келтирүү маселесин кароону өтүндү.