Ош шаарына жылуулук качан берилери айтылды. Бул тууралуу мэрдин биринчи орун басары Эрнис Толтоев билдирип, суукка нааразы болгон тургундардын кайрылуулары келип жатканын белгиледи.
Анын айтымында, белгиленген эрежеге ылайык, сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо гана жылуулук бериле баштайт.
"Учурда аба ырайы салыштырмалуу туруктуу болгондуктан, жылытуу мезгилин баштоо үчүн тиешелүү шарттар толук түзүлө элек. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, аба ырайынын болжолуна жараша жылуулук 8-10 ноябрга жакын берилиши мүмкүн. Тургундарды түшүнүү менен кабыл алып, жылуулук берүү белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөрүн эске алуу суралат",- деп билдирди ал.