Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков "Халал индустрия" уюмунун ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин айтты.
"Бул уюм атайын "халал" деген сертификат берет. "Халал" деген жазуусу бар айрым азык-түлүктөрдө чочконун эти кошулганы аныкталып жатат. Сертификатты берүүдө мыйзам бузуулар болгон болсо, анда чара көрүлүшү керек",- деди эл өкүлү.