Төө-Ашууда кар жаап жатат. Буга байланыштуу бүгүн, 29-октябрда Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Мекеменин маалыматына караганда, айдоочулар унаалардын ортосундагы аралыкты сактап, дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруусу зарыл.
Учурда башкармалыктын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөп жатышат. Тиешелүү кызматтар тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.