Биз социалдык тармакта

Испанияда поезд кырсыгынан каза болгондордун саны 68ге жетти

Испанияда эки поезддин кагылышуусунан каза болгон жарандардын саны 68ге жетип, 170тен ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кастилия-Ла-Манча автономдук коомчулугунун башчысы Эмилиано Гарсиа-Пахеге таянып билдиришти.

"Учурда жабыркагандардын 15и өтө оор абалда, 53ү орточо оор абалда ооруканада жатат",- деди ал жергиликтүү басылмаларга.

Эскерте кетсек, кырсык кечээ, 28-октябрда Мадридден Севильяга багыт алган поезд менен жогорку ылдамдыктагы поезддер компаниясынын вагондорунун ортосунда болду. Кырсыктын кесепетинен төрт вагон рельстен чыгып, темир жолдун жээгине кулады.

Бул каргашалуу окуядан кийин Испаниянын премьер-министри Педро Санчес 29-октябрдан 31-октябрга чейин өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан