Бүгүн, 5-февралда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жол тоскондор менен жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын айдоочулары жолугушту. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Каракол - Балыкчы унаа жолу жабык бойдон калууда. Бул туурасында Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов SUPER.KG порталына билдирди.
“Эртең менен Кызыл–Суу айылында 50дөй айдоочу митингчилер менен жолугушту. Саруулуктар “жолду ачпайбыз” дешсе, айдоочулар “алган насыябызды төлөш керек” деп эки тарап уруша кете жаздады. Милиция кызматкерлери учурунда абалды жөнгө салды”,- деди Усубакунов.
Эске сала кетсек, 2-февралда саат 15:30дар чамасында милиция кызматкерлери Саруудан 17 баланы кармап кетишкен. Алардын 16cы бошотулуп, Сарыбаев Айбек бошотулган эмес. Мындан улам айыл тургундары Айбек Сарыбаевди бошотуу талабын коюп, Каракол – Балыкчы унаа жолун бууп коюшкан.