Бүгүн кечинде Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан кичи райондордо электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан кичи райондордо электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында “Түндүк электр” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, электр жарыгы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорундагы жүктөлүштү азайтуу максатында өчүрүлөт.

Саат 19:00дөн 21:00гө чейин 5-7-8-10-кичи райондорунун бир бөлүгү;

Саат 21:00дөн 23:00гө чейин 7-9-10-кичи райондорунун бир бөлүгү;

Саат 23:00дөн 01:00гө чейин Асанбай жана 6-11-12-кичи райондорунун бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт.

Айта кетсек, акыркы күндөрү Бишкек шаарындагы электр энергиясын колдонуу белгиленген чектен ашууда. Алсак, 5-февралга карата борбордогу электр энергиясынын суткалык керектөөсү 17 миллион кВт саатты түздү. Белгиленген чек 11,7 миллион кВт саат болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан