“Эгер өзүбүзгө жоопкерчилик ала албасак, анда “Кумтөр” маселесин референдумга чыгаралы”,- деди бүгүн, 5-февралда парламент жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев. Айтымында, бул маселени өкмөт өлкөгө пайдалуу кылып чече албайт.
“Мурунку жыйында “Кумтөр” маселесин референдумга алып чыгууга боло турганын айтсам, баары сындашты эле. Бүгүн тарыхый чечим кабыл алынганы турат. Жоопкерчиликти өзүбүзгө алалы же маселени референдумга чыгаралы. Чечимди эл өзү кабыл алсын”,- дейт депутат.
Айта кетсек, эксперттер “Кумтөр” маселесин референдумга алып чыгууга болбой турганын айтышууда. Анткени маселенин өйдө-төмөнүн элдин баары эле түшүнө бербейт.