Биз социалдык тармакта

Lexus эң узак жүрүүгө жөндөмдүү премиум унаа деп табылды

Lexus үлгүсүндөгү унаалардын 400 миң чакырымдан ашык жол жүрүү ыктымалдыгы башка премиум бренддерге салыштырмалуу жогору. Мындай жыйынтык iSeeCars аналитикалык компаниясынын 2026-жылдагы изилдөөсүндө көрсөтүлгөн.

Изилдөөнүн алкагында 395 миллиондон ашык унаа тууралуу маалымат талданган. Адистер унаалардын одометрлериндеги көрсөткүчтөрдүн негизинде алардын 400 миң чакырымдан ашык жол жүрүү мүмкүнчүлүгүн эсептешкен.


Изилдөөгө ылайык, Lexus унааларынын бул көрсөткүчкө жетүү ыктымалдыгы 14,4 пайызды түзгөн. Ал эми экинчи орунда турган Acura брендинде бул көрсөткүч 9,5 пайызга барабар болгон. Lexus LS үлгүсүндөгү седандын көрсөткүчү 38,8 пайызга жеткен.

Ошондой эле Lincoln бренди 4,7 пайыздык көрсөткүч менен үчүнчү орунга, Cadillac 3,9 пайыз менен төртүнчү орунга жайгашкан. Премиум унаалар боюнча орточо көрсөткүч 3,4 пайызды түзсө, бардык унаалар боюнча бул көрсөткүч 5,4 пайыз болгон.

Рейтингдин төмөнкү бөлүгүндө Porsche, Buick, Land Rover, Audi жана BMW маркалары орун алган. Алардын 400 миң чакырымдан ашык жол жүрүү ыктымалдыгы 0,3-0,5 пайыз деп бааланган.


Ал эми Jaguar жана Maserati унаалары үчүн бул көрсөткүч нөл пайызды түзгөн. Бирок изилдөөчүлөр маалыматтын жетишсиздиги жыйынтыкка таасир этиши мүмкүн экенин белгилешкен.

Адистердин айтымында, узак жол жүрүү мүмкүнчүлүгү унаанын бузулбай иштешине толук кепилдик бербейт. Колдонулган унаанын абалы анын эксплуатация тарыхына жана техникалык тейлөөнүн сапатына да байланыштуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан