Дастан Бекешев: “Үн чыгаруучу жабдуулары бар жол чырактарды орнотууга айрым органдар бут тосушууда”

Көрүүсү жана угуусу чектелген жарандар үчүн атайын жабдуулары бар жол чырактарды орнотууга тоскоол болуп жаткан айрым мамлекеттик органдарга нааразымын”,- деди депутат Дастан Бекешев “Парламент” радиосунун 5-февралдагы түз байланышында. Бишкек шаарындагы 7 көчөнүн кесилишине аталган типтеги жол чырактар коюлганын айтты. “Мындай жол чырактарды өзүбүз сатып алдык, мамлекеттик органдар жардам бергендин ордуна, аларды орнотуу үчүн акча сурап жатышат”,- дейт Бекешев.

Депутат шаарда курулуп жаткан үйлөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн эч кандай шарт жок экенин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан