2013-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 7 миллиард 736 миллион долларды түздү

2013-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 7 миллиард 736 миллион доллар же 375 миллиард 301 миллион сомду түздү. Бул тууралуу 5-февралда Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тышкы соода жүгүртүүдөгү импорттун көлөмү 5 миллиард 987 миллион долларга барабар болгон. Импорттолгон товарлардын 48,9 пайызы КМШ өлкөлөрүнө, 51,1 пайызы алыскы чет өлкөлөргө тиешелүү.

Тышкы соода жүгүртүүдөгү экспорттун көлөмү 1 миллиард 757 миллион долларды түзөт. Экспорттун 43,3 пайызы КМШ өлкөлөрүнө, 56,7 пайызы алыскы чет өлкөлөргө тиешелүү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан