Депутаттар “Кумтөр” боюнча кысым көрсөтүлүп жатканын айтышты

 Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров “Кумтөр” маселеси боюнча депутаттарга кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыкты. Кечээ мага 5 адам келип, өкмөт сунуштаган жаңы макулдашууну колдоп коюшубузду өтүндү. Түшүнөм, мындай нерсе ар бириңиздерге болуп жатат. Бирок элдин кызыкчылыгын эске алуу менен бир чечимге келишибиз керек. Качанга чейин жүрө беребиз?"- деди Кочкоров депутаттарга.

Эскерте кетсек, учурда парламентте жаңы келишим боюнча макулдашылган комиссия иштеп жатат. Ага 5 фракциянын лидерлери жана өкмөт башчы кирди. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы саат 15:00дө белгилүү болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан