5-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2014-жылдын бюджетин 787 миллион сом кылып бекитишти. Бул сумма өткөн жылдагыдан 100 миллион сомго көп. Сессияда шаардагы айрым мекеме, ишканаларга каралган бюджет 20 миллион сомго чейин кыскарды. Муну менен эстакадалык көпүрөнүн курулушуна аз да болсо салым болорун айтышты депутаттар. Мисалы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына каралчу акчадан 5 миллион сомго чейин кыскартылды.