Ырчы Элзар Тиленбаев менен анын жубайы Айгерим Эшим "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты. Жылдыздуу түгөйлөр кубанычтуу кабарын социалдык тармактагы баракчасынан бөлүштү.
"Сүйүнчү! Биз мамлекет тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгилери менен сыйландык",- деди Айгерим Эшим.
Ал эми чыгармачыл үй-бүлөнүн күйөрмандары аларга жылуу каалоо-тилектерин жазышууда.
Эскерте кетсек, бүгүн, 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.