Бишкектеги жумушка орноштуруу кызматына 2013-жылы 17 403 адам кайрылган. Алардын 10 180и аялдар, 7223ү эркектер. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Шаардык башкармалыгынын расмий сайтында көрсөтүлгөн.
8028 адам каттоого турса, алардын 54,5 пайызы аялдар. Мындан сырткары 9375 адам ар кайсы тармакта кеңеш алышкан. Ошондой эле өткөн жылы 7978 жаран жумуш менен камсыз болсо, кесиптик окутууга 212 адам жөнөтүлгөн.