Жогорку Кеңеште ушу тапта “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы келишими боюнча бирдиктүү пикир алып чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясы сүйлөшүүдө. Ага фракция лидерлери жана өкмөт башчы кирди. Жыйында вице-спикер Төрөбай Зулпукаров “Убакытты натыйжалуу пайдаланалы. Макулдашуу комиссиясы ишин бүткүчө, күн тартибиндеги кийинки маселени карай берели” деп сунуш киргизди. Сунушка "макул" дегендер да, каршы чыккандар да болду. Добуш берүүдө сунуш өтпөй калды. Депутаттар макулдашуу комиссиясынын чечимин күтүшүүдө.