Украинанын лидери Владимир Зеленский Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Түркияда жолугушууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Малыматка караганда, Зеленский Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мындай жолугушууну уюштуруп бере аларына ишеним артарын айтып, ал мындай жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр согушту токтотушу мүмкүн экенин белгиледи.
"Жолугушуунун башкы максаты - ок атышууну токтотуу, коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо жана делегациялар чече албаган маселени жөнгө салуу болуп саналат. Биз Түркиядагы жолугушууга даярбыз. Президент Эрдогандын Путин менен өз байланышы бар экенин билем. Ошондуктан биз Түркияда жолугушууну колдойбуз",- деди Зеленский.
Ошондой эле ал Орусиянын талаптарына көнүүгө, тактап айтканда, Донбассты берүүгө жана Крымды Орусиянын жери деп таанууга ниети жок экенин кошумчалады.