Бишкек шаарындагы Купянская жана Космическая көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү оңдолуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу кечээ, 2-ноябрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Купянская көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Космическая көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Космическая көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңыланды. Курулган жол тилкелеринин жалпы узундугу 1585 метрди түзөт.
"Жолдорду жаңылоо тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, райондун жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган",- деп белгиленет маалыматта.