Биз социалдык тармакта

Бишкекте аялдамалар автобустар гана токтогудай жасалышы мүмкүн

Бишкектеги айрым аялдамалар автобустар гана токтогудай болуп жасалат. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев бүгүн, 3-ноябрда "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, аялдамалардын токтоочу тилкеси атайын мамычалар менен тосулат.

"Аялдамалардын жанына таксилер токтоп алгандыктан автобустар жүргүнчүлөрдү кийинки тилкеден түшүрүүгө мажбур болуп жатат. Азыр сыноо иретинде чыгыш унаа бекетинин алдына мамычаларды койдук. Эгер бул жакшы натыйжа берсе, анда көйгөйлүү аялдамаларга коё баштайбыз",- деди Жумабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан