MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору MegaTV платформасында балдар үчүн контент сунуштарын кеңейтүүдө. Кыргыз тилиндеги NURKIDS кызматынын жардамы менен жаш көрүүчүлөр өздөрүнүн эне тили, тарыхы жана маданияты жөнүндө кызыктуу маалыматтарды биле алышат.
NURKIDS билим берүүнү жана көңүл ачууну бирдиктүү санариптик мейкиндикте айкалыштырат. Билим берүүчү жана көңүл ачуучу видео контент аркылуу балдар Кыргызстандын жаратылышы жана тарыхы жөнүндө көбүрөөк билип, дүйнө таанымын кеңейтип, ошол эле учурда өз эне тилин үйрөнө алат.
Кызматтын ишке киргизилиши жаш муун арасында кыргыз тилин жайылтууга жана жаш кезинен баштап улуттук маданиятка кызыгууну өнүктүрүүгө багытталган. NURKIDS менен балдарынын экран алдында өткөргөн убактысы текке кетпейт.
MEGA өзүнүн санариптик кызматтарын өнүктүрүүнү жана MegaTV топтомун кеңейтүүнү улантууда, колдонуучулар эс алуу убактысын пайдалуу өткөрүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Кызматты бир нече жол менен кошууга болот:
Жаңы колдонуучуларга 3 күндүк акысыз сыноо мөөнөтү сунушталат.
Абоненттик төлөм күнүнө 3,51 сомду түзөт (КНС жана сатуу салыгын эсепке алуу менен). Кошуу акысыз.
NURKIDS контентин в App Store жана Google Play'де жеткиликтүү болгон MegaTV колдонмосу аркылуу көрө аласыз.
MEGAдан NURKIDS – кичинекей изилдөөчүлөр үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр, өз эне тилин билүү жана өлкөсүнүн маданиятына көбүрөөк кызыгуу.
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР