Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы эки мектептин аймагында таштандылар уруксат берилбеген жерлерге ташталганы аныкталып, эки мектепке 17 миң сомдон, жалпы 34 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзам бузуу №90 Манас атындагы жана №1 Мадумар-Ата атындагы мектептерде жүргүзүлгөн пландуу текшерүү учурунда катталган.