Ильгиз Сыдыгалиев "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, ал бул кызматты 2025-жылдын август айынан бери аркалап келген.