Биз социалдык тармакта

Алайда 150 окуучу билим ала турган жаңы мектеп курулду

Ош облусунун Алай районундагы Кичи-Бүлөлү айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 80,5 миллион сом бөлүнгөн.

"Эки кабаттуу заманбап имаратта окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анда окуу класстарынан тышкары лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана жана жыйындар залы жайгашкан. Ошондой эле мектептин аймагында кичи футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулган. Курулуш иштерин Турак жай-жарандык курулуш департаменти жүргүзгөн",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан