Саруу айылында курултай уюштургандардын бири Кубанычбек Кадыров кармалган жок, күбө катары алынып келинди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кубанычбек Кадыров ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына 2010-жылы Ош шаарында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн чакыртылган. Аны алып келүүдө эч кандай ички иштер министринин буйругу болгон эмес. Учурда ал түшүндүрмө берип жатат.
Белгилей кетсек, 5-февралда маалымат булактарында "Кубанычбек Кадыров ИИМ тарабынан кармалды" деп айтылган.