Бүгүн, 3-ноябрда Непалдын Эверест тоосунун этегинде конууга бара жаткан эки тик учак кагылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат эртең мененки 8:00дө болгон. Бортунда 2 чет элдик жүргүнчү болгон. Кырсыктан 47 жаштагы Индиянын жараны каза болуп, Жаңы Зеландиянын жараны жана эки учкуч жаракат алып ооруканага жеткирилди.
Кагылышуунун себеби тактала элек. Непалдын жарандык авиация башкармалыгынын алдын ала маалымат боюнча, учкучтар ортосундагы байланыш үзүлүп калган.