Темир Сариев “Кумтөр” боюнча: “Биздин колубузда мамлекеттин бүтүндүгү, элдин келечеги турат”

Экономика министри Темир Сариев парламенттин 5-февралдагы жыйынында “Кумтөр” маселесин чечүү кыйын болуп жатканын билдирди. Айтымында, өкмөт өкүлдөрү да, депутаттар да бул маселеде чоң жоопкерчиликти сезип турушат.

“Өтө кыйын чечим кабыл алуунун алдында турабыз. Албетте, депутаттар тарабынан да жүйөлүү пикирлер айтылууда. “Кумтөр” боюнча буга чейинки 2 келишим тарых болуп калды, ага прокуратура баа берет. Ал эми алдыдагы келишим биздин колубузда. Биздин колубузда мамлекеттин бүтүндүгү, элибиздин келечеги турат”,- деген Сариев “Кумтөрдү” улутташтыруунун кесепеттерин санап берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан