Бишкекте кош бойлуу келин менен дарыгердин ортосунда жаралган чыр боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга бул боюнча маалымат 2-ноябрга караган түнү саат 03:00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине кош бойлуу келин арыз менен кайрылган. Факт каттоого алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынмакчы.
Буга чейин төрөт үйүндөгү окуя боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борбору маалымат
тараткан.