Биз социалдык тармакта

Ошто Ак-Тилек кичи районунун жолдору оңдолду

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда ички көчөлөрдү оңдоо жана асфальттоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жергиликтүү тургундардын көптөн берки жол маселеси чечилүүдө.

Шаар мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов жана шаардык кеңештин депутаты Гүлмира Бекташова аймакка барып, аткарылган иштер менен таанышты.

Ошондой эле мэр жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту.

Маалыматка ылайык, Ак-Тилекте жолдорду жаңылоо менен катар жаңы сейил бактарды жана скверлерди куруу, коомдук эс алуу жайларын түзүү иштери да жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан