“Кумтөр” боюнча биз сунуштаган келишимден жакшы вариант азырынча жок” дейт Сатыбалдиев

“Азыркы шартта “Кумтөр” боюнча биз сунуштаган келишимден жакшы вариант жок”- деди бүгүн, 5-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, бул маселеде депутаттар ойлонуп туруп чечим кабыл алышы зарыл.

“Бул келишим баарыбызды канааттандырбайт. Мен деле Кыргызстан өнүксүн деген адаммын, бул келишимден мыкты сунуш азыркы шартта жок. Урматтуу депутаттар, эртеңкиге чейин жакшылап ойлонуңуздар. Сиздерден маселенин ак, карасын жакшылап карап туруп гана добуш берүүңүздөрдү өтүнөм”,- деди Сатыбалдиев.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан