Орусиядагы курулуш ишканасынан кыргызстандыктар 2 миллион рублга жакын маянасын 4 жылдан бери ала албай келишүүдө

Орусиядагы курулуш ишканасынан кыргызстандыктар 2 миллион рублга жакын маянасын 4 жылдан бери ала албай келишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-январда Камила Абазова жана Улан Жузубахунов аттуу Кыргызстандын жарандары аталган ассоциацияга кайрылышкан. Алар “Орусиядагы “АСК СТРОМО” курулуш ишканасы 27 кыргызстандыкка 1 837 525 рубль айлык маянасын бербей жатат” деп билдиришкен.  

Жогоруда көрсөтүлгөн курулуш ишканасы менен Москва облусунун Подольск шаарындагы 17 кабаттуу үйдү оңдоо жана ички жасалга иштерин жасоо боюнча расмий келишим түзүлгөн. Жумуш аяктаганда курулуш ишканасы иштегендердин маянасын бербей койгон.

“Камила Абазова 4 жылдан бери юристтерге, КРнын тиешелүү мамлекеттик органдарына кайрылып адилеттүүлүккө жетпей келе жатат”,- деп маалымдайт “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан