Ош гуманитардык педагогикалык институтунда өлкөнүн биримдиги талкууга алынды

Ош гуманитардык педагогикалык институтунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн бүтүндүгүнө таасир кылган ички жана сырткы факторлор” аттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага студенттер, окуу жайдын мугалимдери жана серепчилер катышышты. 

Талдоочу Расул Авазбек уулу Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү абалы, коңшу мамлекеттер менен чек ара боюнча мамилеси, мамлекеттүүлүккө коркунуч келтире турган ички күчтөр тууралуу айтып берди.

“Мамлекеттин бекемдигин сактоо үчүн биринчи кезекте ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, такталган маалыматтар менен иш алып баруу зарыл. Мындай иш-чара бир гана ОГПИде эмес, башка окуу жайларда да колдоого алынса жакшы жыйынтык болот. Жаштар мамлекеттин келечеги болуп эсептелет. Ошондуктан бизге байкалбаган, биз укпаган маалыматтарды ушундай жыйынга алып чыгып талкуулашыбыз керек”,- деди институттун ректору Бекмурза Зулуев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан