“Кумтөр” маселесинин бир жылдан бери чечилбей жатышынан Кыргызстан 80 миллион доллар жоготту. Муну бүгүн, 5-февралда парламент жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, келишим кабыл алынса, Кыргызстан “Кумтөрдөн” бир жылда 80 миллион доллар киреше табат.
“Азыр өкмөт башчыга министр ишенбейт, депутатка эл ишенбейт. Ишеним болгон жерде гана алдыга жылуу болот. Келишимди колдоп берсеңер, 8 макулдашууга өзгөртүү, толуктоо киргизилет. Чечиле турган эң оор маселелердин бири - экология көйгөйү”,- деди Сатыбалдиев.