Кечээ, 4-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде кыргызстандык коомдук ишмер "Ата-Журт" эл аралык карачайлар ассоциациясынын жетекчиси Зухра Шадиковага "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, ал чет өлкөлөрдө орус маданиятын сактоого жана жайылтууга, ошондой эле улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Зухра Шадикова Орусиянын президентин Кыргызстанга конокко чакырып, сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирди.