Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Максат Сабиров менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. “Кумтөр” маселеси каралып жатканда депутат “Үлүштү 67 пайыз кыла албасаңыз, ордуңузду бошотуп коюңуз. 67 пайыз кыла ала турган бирөө келет” деди.
Өкмөт башчы: “Ордумду бошотуп койгудай мен (өкмөт башчылыкка) конокко келген эмесмин. Силер дайындагансыңар. Сиз 67 пайыз кыла турган адамды таап келиңиз, мен ушул жерден кызматымды өткөрүп берем”,- деп кызууланды. Төрага Асылбек Жээнбеков премьер-министрди сабырдуулукка чакырды эле Сатыбалдиев: “Мени каалагандай маскаралай берсе болобу? Ал жер Максат Сабировдун жеке ишканасы эмес”,- деп жооп узатты.