Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Эмне үчүн өрт өчүргүчтөрдүн айлык маянасы бирдей эмес?
Өрт өчүрүү бөлүмүндө иштегендердин маянасы, тамак-ашка бөлүнгөн каражаты аскердик
өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлерине салыштырмалуу аз. Өрт өчүрүү бөлүмүндө
иштегендер тамак-аш үчүн айына 900 сом алса, аскердик өрт өчүрүү бөлүмүндөгүлөр
2500 сом алышат. Өрт учурунда өздөрү күйүп калган, чатырдан кулаган же түтүнгө
ууланган учурлар болот. Жумуштун зыяндуулугу үчүн эмнеге акча төлөнбөйт? Суроо калтырган Erkin-by
Жооп: - КРнын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин
бардык аскер кызматчылары "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргызстандын жарандары үчүн каралган
милдеттерден тышкары аскер кызматынын өзгөчөлүктөрү менен шартталган кошумча
жана атайын милдеттерди аткарышат.
Аскер кызматчылары күжүрмөн нөөмөттө,
күжүрмөн кызматта, суткалык жана гарнизондук наряддарда турганда өзгөчө
кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга багытталган атайын милдеттерди аткарат.
Бул
милдеттердин мазмуну жана аларды аткаруунун тартиби КРнын мыйзамдары, аскердик уставдар жана башка укуктук актылар тарабынан аныкталат.
Профессионалдык өрт өчүрүүчү бөлүмдөрүндө иштеген
кызматкерлердин эмгек мамилелерин жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка
мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмгек
мыйзамдары (эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошкондо) жана эмгектик укук
ченемдерин камтуучу башка ченемдик укуктук актылар: Эмгек кодекси, КРнын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтомдору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана эмгектик
укук ченемдерин камтуучу локалдуу ченемдик актылар менен жүзөгө ашырылат.
Өрт өчүрүүчүлөр бөлүмүндө иштегендердин айлык маяналары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы №440-токтому менен
бекитилген жана ошол убактан бери жумуштун өзгөчө кырдаалы боюнча 30% кошумча
акы төлөнүп келүүдө, ал эми аскер кызматкерлерине бул төлөм 2011-жылдын
11-ноябрынан баштап төлөнүүдө.
Эркин жалданган кызматкерлерге тамак-ашка болгон
компенсация Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы №457-токтомдун, ал эми аскер кызматкерлерине 2002-жылдын 17-октябрындагы №706-токтомдун негизинде төлөнөт.
Суроого Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.