Биз социалдык тармакта

Унаасынын айнегин караңгылатууну каалагандар үчүн акция жарыяланды (видео)

Кыргызстанда унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты арзандатылган баада алуу боюнча акция жарыяланды. Бул тууралуу кечээ, 5-ноябрда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Акциянын алкагында уруксат кагазынын баасы төмөнкүдөй болот:

  • Жеке жактар (резиденттер) үчүн — 25 миң сом;
  • Юридикалык жактар үчүн — 50 миң сом;
  • Резидент эмес жарандар үчүн — 70 миң сом;
  • Электромобилдер үчүн — 20 миң сом;
  • Юридикалык жактардын электромобилдери үчүн — 40 миң сом;
  • Чет өлкөлүк жарандардын электромобилдери үчүн — 60 миң сом.

Акция 5-ноябрдан 5-декабрга чейин жүргүзүлөт.

Унаасын караңгылатууну каалагандар үчүн акция жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан