Бишкектин Фучик көчөсүндө айдоочулардын ортосунда чыккан пикир келишпестиктен кийин бир жаранга протокол түзүлдү.
Биринчи Май райондук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 4-ноябрда болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо белгисиз жаран башка айдоочуга агрессивдүү мамиле жасап, коомдук тартипти бузганы көрүнөт.
Бул факт боюнча милиция тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, окуяга катышкан 1988-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран аныкталган.
Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине ылайык протокол түзүлүп, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жеткирилген.