Эркин Алымбеков, депутат: “Мен “Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирем!”      

“Эгер “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштап жаткан келишим парламентте колдоо таап кетсе, мен депутаттык мандатымды тапшырам”,- деди Эркин Алымбеков ЖКнын 5-февралдагы жыйынында. Айтымында, үлүштү 67 пайызга жеткирүүгө болот.

“Эгер парламенттен жаңы келишим өтүп кетсе, мен өз арызымды БШКга берип, мандатымды тапшырам. Жөнөкөй жаран катары оокатымды кылам. Келишим колдоо тапса, анда менин бул жерде отурууга моралдык укугум жок”,- деди депутат.

Алымбеков “Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайыз кыла ала турганын ишенимдүү айтты. “Мага премьер-министрликтин кереги жок. Вице-премьерлик статус бергиле, 1 жылдын ичинде үлүштү 67 пайызга жеткирем. Эгер жеткире албасам, мени камасын. Үлүштү 67 пайызга жеткирсем, Сатыбалдиевдин өкмөтү коррупция боюнча айыпталып сотко барат”,- деди эл өкүлү. Депутаттын бул сөзү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге жооп катары айтылды. Анткени жыйында Сатыбалдиев "эгер үлүштү 67 пайыз кыла алам деген бирөө чыкса, ордумду бошотуп берүүгө даярмын" деп билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан