Кечээ, 5-ноябрда саат 16:00 чамасында Талас районунун Жерге-Тал - Калба автожолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, Тойота Камри, Хонда Аккорд, Киа, Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Жол кырсыгынан каза болгондор бар экени айтылууда.
Учурда каргашалуу окуянын чоо-жайы такталып жатат.